• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февраль күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган тургундары кабыл алды. Жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында, район жана айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышты. Бул тууралуу өкүлчулүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары жер, турак-жай, айылдагы көйгөйлүү маселелер, боюнча кайрылышты. Зиядин Жамалдинов жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү үчүн онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий