• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаңыдан дайындалган вице-премьер-министр Аида Исмаилованын өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Төмөндө анын өмүр баянын келтиребиз:

Исмаилова Аида Жекшенбаевна

1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү, 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу» факультетинен экономист-чыгыш таануучу кесибине ээ болгон (адистиги-Кореянын экономикасы).

Эмгек жолу:

— 1997-1998 жылдары — «Баласагын» жеке менчик мектебинде мугалим;

— 1998-2002-жылдары — «Пхурыл Киль» ЖЧКсында котормочу;

— 2002-2005-жылдары — «Хануль» ЖЧКсында башкы менеджер, котормочу;

— 2005-2006-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында котормочу;

— 2006-2008-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында башкы менеджер, котормочу;

— 2006-2010-жылдары — «PARK8 OPC» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү;

— 2011-2015-жылдары — «Silk road services» ЖЧКсынын генералдык директору;

— 2015-2020 жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси.

— 2020-жылдын апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Пикир

Оставить комментарий