• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңыдан дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары ант беришти

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторуна жаңы дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган соттору:

-Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна - Жолдошова Мээрим Адамжановна;

-Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна - Арзиев Марс Мусаевич;

-Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна - Суханбердиев Данияр Абдамитович;

-Талас облусунун Кара-Буура райондук сотуна - Таджибаева Тахмина Саматкановна;

-Ысык-Көл облустук сотуна - Сатимкулов Убайдулла Акилбекович, Шүкүралиев Альгис Рыспекович;

-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна - Казаков Кеңешбек Осмонович;

-Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотуна - Жолбунов Нурбек Болотбекович;

-Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна - Жунушева Назгүл Турусбековна.

Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий