• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоодон өрт өчүрүүчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кырк-Кыз көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан чыккан өрт саат 18:02де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон бир өрт өчүрүүчү жабыркаган.

"Бүгүн болжол менен саат 13:53тө ӨКМге Ак-Өргө конушундагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрт саат 15:43тө чектөөгө алынып, 18:02де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий