• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңыл Иманкулова: «Биз Текебаевди 25 жылдан бери багып келе жатабыз. Жетишет эми»

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. «Ата Мекен» партиясынын лидерин коргоо митингине чыккандарга Өмүрбек Текебаев 500 сомдон төлөп берген. Бул тууралуу “Акипресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында 2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун биринин апасы Жаңыл Иманкулова билдирди.

“Биз митингге катышкандарга 500 сомдон төлөп бергенин угуп жатабыз. Элдерди алданбоого чакырабыз. Эгер Текебаев мыйзамдын алдында таза болсо, анда митингге чогултпайт болчу. Башкалар камалганда алар митинг уюуштурушкан эмес, бардыгы мыйзамдын чегинде чечилген. Ал эми Текебаев өзүнүн күнөөлүү экенин билип, митинг өткөрүү менен актанууга аракет кылууда”,-деди Ж.Иманкулова.

Ал депутат кайсыл акчасына телекомпания үчүн 4 кабаттуу мекеме куруп, кымыйлсыз мүлктөрдү сатып алып жатат деп суроо салды.

“Биз Текебаевди 25 жылдан бери багып келе жатабыз. Эми жетишет деп айтышыбыз керек. Ал мынча байлыкты кайсы акчасына алды? Биздин жаш балдарыбыз аянтта өлүп жатканда, ал банктарды кыдырып, тоноп жүргөн. Бийликте ушундай саясатчылар жүргөндө Кыргызстан өнүкпөйт”,-деди Ж.Иманкулова.

“Ал коркот, анткени эл алдында күнөөлүү экенин билет. Ошондуктан митингге чыгууну суранып жатат. Эгер ал күнөөлүү болсо, жазасын алышы керек, биз ушуну талап кылабыз. Эгер күнөөсү жок болсо далилдесин. Анын бир топ адвокаттары чуркап жүрүшөт”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий