• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖАА: КР жарандары, анын ичинде студенттер Россияга түз аба каттамдар аркылуу учуп кете алышат

Коом 0

Бишкек, 13.11.20 /Кабар/. Кыргызстандын жарандары, анын ичинде студенттер жума күндөрү Бишкектен “Аэрофлот” жана “Авиатрафик” компанияларынын аба каттамдары аркылуу Россияга тоскоолдуксуз учуп кете алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

“Россияга учуп келгенде Кыргызстандын жарандарында акыркы үч күн ичинде жасалган ПЧР-тесттин коронавирус жок деген күбөлөндүрмөсү (ПЧР-тесттин жыйынтыгы) керек”, - деди ал.

Анын айтымында, ошондой эле Кыргызстандын жарандары Россияга Бишкек менен Оштон “Аэрофлоттун” дүйшөмбү, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрдөгү чартердик каттамдары менен учуп кете алышат. Ошол эле учурда Россияга кетүүнү каалаган жарандарда:

- Россия жарандарынын арасында жакын тууганы болушу керек;

- дарыланууга муктаж адамдарда россиялык медицина мекемесинин чакыруусу болушу керек;

- туруктуу жашоого уруксат берүүчү документи же мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүгү болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий