• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаан карга айланат. ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 12-16-ноябрь күндөр аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Эртең, 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-16-ноябрь күндөрү абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, чыгышында -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий