• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жабыркаган жоокер кечээ Кой-Ташта эмне болгондугун айтып берди. Видео

Коом 0


Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кой-Ташта жаракат алган жоокерлердин бири кечээ түнү эмне болгондугун айтып берди. Видео Улукбек Карыбек уулунун YouTube каналында жарыяланган.

Анын айтуусу боюнча, адегенде алар желим октор менен асманга атышкан. Саламатттык сактоо министрлигинин маалыматы боюча, 10дон ашуун адам жаракат алган. Алардын ичинде журналист Аида Жумашева да бар.

“Биз үч кабат үйдү көздөй бара жатканда бизди чын ок менен ата башташкан. Жаракат алган адамдардын баардыгы ооруканага жеткирилишти. Эл чогулуп, бирок сүйлөшүүгө макул болгон эмес. Эл таш ыргытып, биз акырын сүйлөшөбүз деп туруп, сабап башташты”, - дейт жаракат алган жоокер.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий