• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жабыркагандарга жардам берилүүдө

Коом 0

БИШКЕК, 17.08.17. /Кабар/. Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

ӨКМ маалыматы боюнча, аталган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов буйругу менен КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасы бөлүнүп, 2017-жылдын 16-август күнү Араван цемент заводунан 20 тонна цемент жүктөлүп, 17-август күнү Өзгөн районуна жеткирилген.

2017-жылдын 22-июнунан 17-августуна чейин жалпы 722 тонна цемент жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий