• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жай мезгилинен тарта 70ден ашуун адам тамакка ууланган

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 67 адам кайрылган.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашкандай, кайрылгандардын баарына "тамакка уулануу" диагнозу коюлган. Анын ичинен 60 адам Токмок шаарында өткөн тойдо, “Дордой” базарында ашлям-фу жеп 5 адам жана “Бета Гурмет” кафесинде 2 адам ууланып калган.

Жай мезгилинин келиши менен мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды бат бузулуучу азыктар менен тамактанууда этият болууга чакырат. Азыктарды туруктуу сатуучу жайлардан алып, алардын мөөнөтүн кароону өтүнөт. Ири иш-чараларды уюштурууда, өзү менен кошо алып кеткен тамактарга (кешик) көңүл бурууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий