• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайдын ортосунда Ысык-Көлгө жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн инвесторлор келет

Экономика 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Жай айынын ортосунда Ысык-Көлдө кыргыз ишкерлери менен дээрлик беш өлкөдөн келген бизнесмендердин жолугушуусу болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Алдыда күтүлүп жаткан жолугушуу VI Эл аралык "Ысык-Көл 2019" инвестициялык форумунун алкагында өтүп, ага жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн инвесторлор келет.

"Ысык-Көл форуму салтка айланып калды. Форумду июль айынын аягында же августтун башында өткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда аталган форумду каржылоо үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анткени, Агенттик аны өз күчү менен өткөрөт. Быйыл Кытай, Россия жана араб өлкөлөрүнөн өкүлдөрдү чакырууну пландап жатабыз. Андан тышкары, Түркиядан өкүлдөр келе тургандыктарын тастыкташты", - деп билдирди ал.

Аталган инвестициялык форум былтыр Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий