• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайкы эс алууда балдарды айылга алып барууда посттордо чектөөлөр болобу? - жооп

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бара турган жерлерде эпидемиологиялык абал туруктуу болсо посттордо чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, учурда жайкы лагер жана жайкы мектептердин маселеси чечиле элек.

"Бара турган аймакта карантиндик талап коюлбаган учурда, оорунун очогу болбогон жерге барса болот. Ошондой эле туугандары жайгашкан жер болсо посттордо эч кандай тыюулар болбойт", - дейт Каниметов.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий