• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жайкы турсезондо туристтерди 3 миңден ашык милиционер коргойт

Коом 0

Бишкек, 7-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жайкы туристтик сезондун жүрүшүндө 3 миңден ашык милиционер жана 700 элдик дружиналык ыктыярчылар курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелердин аймактарында жана жарандардын эс алуу жайларында тартип сактоону камсыз кылышат.

Туристтик сезонго арналган маалымат жыйынында КР ИИМ патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов, туристтер арасында кеңири белгилүү болгон Ысык-Көл облусунун аймагында эле 700 милицинер иштей тургандыгын билдирди.

“Мындан тышкары, коопсуздукту камсыздоо максатында милиционерлер жайлоолордо да болушат”, - деп кошумчалады Ы.Саркулов.

Ошондой эле, ал коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн Бостери айылындагы милиция бөлүмүнүн базасында ыкчам штаб түзүлөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Ысык-Көл трассасындагы оңдоо иштери тууралуу КР ТЖМ алдындагы аймактык чарба бөлүмүнүн жетекчиси Кудайкул Күчүков айтып берип, жолдорду оңдоо Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго тоскоол болбой тургандыгын белгиледи.

“Учурда жолдордо курулуш-оңдоо иштери жүрүп жатат. 43-78 чакырымында, тактап айтканда, Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейин бардык 4 тилкедеги оңдоо иштери 15-июнга чейин аяктайт”, -деп ишендирди ал.

Пикир

Оставить комментарий