• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жайыл Баатыр көчөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Жайыл Баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Жайыл Баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси 1-июнда жабылган. Алгач ал көчөдө унаалар батыштан чыгышка, андан кийин чыгыштан батышка жүргөн жол оңдолду.

Эскерте кетсек, Жайыл Баатыр көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу №5 жана 14 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий