• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл Баатыр көчөсү оңдолгондуктан №5 жана 14 троллейбустардын каттамы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Жайыл Баатыр көчөсү оңдолгондуктан №5 жана 14 троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэрия билдиргендей, Жайыл Баатыр көчөсү 1-июндан тарта оңдоо иштерине жабылгандыктан аталган эки каттамдын багыты бир аз өзгөрөт.

"Троллейбустун №5 каттамы "Тунгуч - "Аэрофлот" агенттиги" жана №14 троллейбус Киркомстром - "Аэрофлот" агенттиги" каттамы менен жүрөт", - деп билдирет мэрия.

Эскерте кетсек, аталган көчөнүн Тыналиев менен Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси 15-июнга чейин оңдоо иштерине жабылат.

Мэрия бул ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий