• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө подполковник автоинспектордон 40 миң сом пара алып жатканда кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Ыкчам-иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Ч.Б. аттуу милициянын подполковниги Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгарып берүү үчүн 5 миң доллар пара талып кылган.

Ал 15-апрель күнү 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Пикир

Оставить комментарий