• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл райондук милициясынын жетекчилиги жергиликтүү жашоочулар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнүн алкагында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Керимкулов Новониколаевка айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушууга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар, милициянын көчмө кабылдамасы менен өткөрүлгөн жолугушуулар андагы чечилеген маселелер тууралуу маалымат берилип, андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү күчүнө кирген кодекстер боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер РИИБдин жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынып, тургундарга КР президентинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын арзандатуу, ошондой эле дайкандарды жана фермерлерди үстөк пайызы аз насыялар менен камсыздоо боюнча жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий