• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл районунда айдоочу пенсионер аялды сүзүп, качып кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Жайыл районунда айдоочу пенсионер аялды сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү болжол менен саат 01:00дө Жайыл районунун Петровка айылында белгисиз айдоочу 64 жаштагы Э.А., аттуу аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Көп өтпөй 45 жаштагы А.О., аттуу айдоочу кармалып, анын "Митсубиси" унаасы айып токтотуучу жайына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий