• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Жайыл районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-мартында Жайыл РИИБине 1955-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылы тааныш киши анын ишенимине кирип, 1 баш бодо малын жана 17 баш майда жандыктарын карызга алып, бир жылдан кийин кайра ошончо баш малды кайтарып берүүнү убада кылып, бирок бүгүнкү күнгө чейин малды кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

“Бандит” рейди учурунда Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

Териштирүү учурунда ал КР ИИМдин ыкчам алдын алуу каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий