• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жайыл районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Жайыл районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азык-түлүктөрдү эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова жана “Hasene” жардам фонду Нооруз жана Орозо майрамдарынын алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырышты.

Маалымат үчүн: “Hasene” фонду дүйнөдөгү түрктөрдү бириктирет. Германия, Голландиядан келген бул уюмдун өкүлдөрү белгилегендей, кыргыз менен түрк элдери бир тууган, ыйык Рамазан айынын алдында көрсөтүлгөн жардамдар министрлик менен өз ара аракеттин башталышы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий