• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жайыл районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Жайыл районунда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы өспүрүм табылганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Ж. аттуу өспүрүм аман-эсен табылып, профилактикалык иштерден кийин туугандарына өткөрүп берилди.

Эскерте кетсек, 9-мартта өспүрүм үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирип, арыз менен анын эжеси кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий