• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-июль күнү Жайыл РИИБдүн нөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам бир жаран жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жаракат алыган жарандын өзүгү аныкталып, ал 1977-жылы туулган Э.К. аттуу жаран экендиги такталган.

Териштирүү учурунда, 2021-жылдын 31-июль күнү жабырлануучу бейтааныш эркек кишилер менен ичимдик ичип отурушуп, алардын бири менен уруша кетип, жыйынтыгында бычактан жаракат алганы маалым болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий