• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл районунда эркек киши кошунасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Жайыл районунун Ставрополовка айылында эркек киши кошунасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2020-жылдын 1-январында болжол менен саат 03:00дө Жайыл райондук милициясына, Ставрополовка айылындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлө ичинде уруш болуп жатат деген маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

"Белгилүү болгондой, 31-декабрь күнү Жаңы жылды майрамдап жаткан учурда аталган үйдүн ээси, үй-бүлөлүк жаңжалдан улам өзүнүн 46 жаштагы М.Э. аттуу кошунасын атып салган. Алган жаракатынан улам ал ооруканага жетпей каза болгон. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүшү иши башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"Бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Х.В. аттуу жаран кармалды. Бардык далил заттар алынды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий