• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл районунда сууга түшүп кеткен 3 жашар кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.20 /Кабар/. Жайыл районунда сууга түшүп кеткен 3 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 26-август күнү Чүй облусундагы Жайыл районунун Сары-Булак айылында 3 жашар кыз каналга түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 28-август күнү издөө иштерин улантуу максатында саат 07:20да Жайыл райондук №22 ӨКБдан 13 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий