• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кызды издөө улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кызды издөө улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

2-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 29 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 3-сентябрь күнү издөө улантылат.

Пикир

Оставить комментарий