• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл районунда кооптуу жерлерде сууга түшүүнүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Жайыл райондук милициясынын коомдук коопсуздук кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында райондун аймагындагы көлмөлөрдө, суу сактагычтарда ошондой эле сууга түшүүгө коопту деп эсептелген жерлерде атайын белгилер орнотулду. Белгилер орнотулганына карабастан сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө кырсыктын кесепеттери эскертилди.

Милиция кызматкерлери жарандарга суудагы кырсыктарды болтурбоо үчүн атайын куткаруучу кызматтары бар жайларга баруу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле мас абалында сууга түшпөөгө чакырып жана балдарды кароосуз калтырбоо сунуштары айтылды.

Түшүндүрүү иш-чаралары жайкы аптапта үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий