• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жайыл районунда мал уурдоого шектелип жаш жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда мал уурдоого шектелип жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февраль күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын сарайынан эки баш малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилгнен материалдык чыгым 180 миң сомду түзгөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББинин жана Жайыл РИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы мал уурулугуна шектелип, эки жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин негизинде кармалган жарандар 2020-жылы Жайыл районунун аймагынан мал уурулугуна байланыштуу үч фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 680 миң сомду түзгөн.

Кармалган 21 жаштагы Д.Р. жана 20 жаштагы О.А. аттуу жарандар Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кармалгандардын бири О.А. буга чейин уурулук фактысына байланыштуу сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө жазасын өтөгөн.

Пикир

Оставить комментарий