• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жайыл районунда милиция кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу Эрик-Түү, Ийри-Суу, Алтын айылдарынын жана Сосновка айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак, Сосновка, Бекитай айылдарынын жашоочулары менен жоолугуп, кылмыштуулуктун жана укук бузуунун алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери ошондой жеринде жарандардын арыздарын кабыл алып, айрым кайрылуулар юридикалык кеңеш берүү менен чечилди.

Мындан тышкары, мал уурулуктун алдын алуу максатында короо жайларга видео камераларын орнотуу сунушталды. Ошону менен бирге коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий