• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жайыл районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды улантууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-февраль күнү Жайыл РИИБинин башчысы Уран Шамбетов милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Полтавка жана Кызыл Дыйкан айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Аталган иш-чарага жергиликтүү жашоочулар катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүштү. Мындай жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин баары кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2020-жылда милициянын көчмө кабылдамасы Жайыл районунун аймактарына 80 жолу чыгып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алуу иштерин жүргүзгөн

Пикир

Оставить комментарий