• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл районунда муфтият кыздар үчүн англис тил курсун ачты

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Жайыл районунун Сары-Булак айылынын тургундарынын өтүнүчү менен кыздар үчүн англис жана араб тилин үйрөтүүчү курс ишке берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Сабакты «Абдулла бин Аббас» медресесинин бүтүрүүчүсү, Сары-Булак айылынын тургуну Акылай Турсунова өтүп атат.

"Айыл элинин суранычы менен мечиттин жанындагы имарат оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, кыз балдарга таалим-тарбия берүү жана тил үйрөнүү үчүн тапшырылып берилди", – деди айыл имамы Мырза Төлөгөнөв.

Эскерте кетсек, Акылай Турсунова буга чейин англис тили боюнча атайын курстардан өтүп, эң жакшы деген сертификатка ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий