• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жайыл районунда мыйзамсыз жер саткан мурдагы айыл өкмөт башчысына иш козголду

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Талды-Булак айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

башкы прокуратурадан билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамдын талаптарын бузуу менен Т.К. аттуу жаранга 1,29 га жер тилкесин аукцион аркылуу арзандатылган баада, тагыраагы 326 миң 370 сомго сатып жибергендиги аныкталган.

"НЦН" бейөкмөт экспертиза уюмунун корутундусуна ылайык, сатуу учурунда аталган жер тилкесинин баасы 3 млн 503 миң 521 сомду түзгөн. Демек, мамлекетке 3 млн 177 миң 151 сомдук ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А.га айыбы угузулган.

Мындан сырткары, аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган жана жер тилке муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жер тилкесинин базар баасы 10 млн 455 миң 600 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий