• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл районунда мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Жайыл районунда мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 11-августунда болжол менен саат 00:45 чамасында Жайыл районунун ИИБине телефон чалуу болуп, Степное айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Жайыл РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 1972-жылы туулган Л.В. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1977-жылы туулган Д.А. кармалган. Ал каза болгон жарандын үйүндө 10 жылдай убакыт жашагыны маалым болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жаран менен кылмышка шектүү окуя болгон түнү спирт ичимдигин ичип, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жыйынтыгында Л.В. окуя болгон жерден каза болгон.

Кылмышты жашыруу масатында шектүү окуя болгон бөлмөгө өрт коюп, өзү башка бөлмөгө кирип уктап калган. Үйдөгү чыккан түтүндү байкап калышкан кошуналар каза болгон жаран менен шектүүнү үйдөн алып чыгышкан. Кийин шектүү ал жерден из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринен улам шектүү колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаран Жайыл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий