• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Балтада сарайдан өрт чыгып, 550 балапан күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Кара-Балта шаарында сарайдан өрт чыгып, 550 балапан күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-июль күнү саат 00:55 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Вокзальный көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана ичинде 550 балапан күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий