• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жайыл районунда турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жайыл районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-майда Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылында Пограничный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 12:50 өрт чектөөгө алынган жана 15:21 өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн жана бастырманын 270 чарчы метр чатыры күйгөн, учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий