• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жайыл районунда УКТ мүчөсү мурдагы аялын уруп, куралдан ок чыгарган

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Жайыл районунда ээнбаштыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы С.А. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.Т. аттуу жаран анын жашаган үйүнө барып, денесине залал келтирип, белгисиз куралдан жерди карай ок чыгарганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Бандит” аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 34 жаштагы Б.Т. аттуу адам кармалган. Териштирүү учурунда жогорудагы жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Шектүү тергөө кызматына өткөрүп берилип, алынган куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий