• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жайыл районунда “Укук тартиби” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында жумуштар тынымсыз улантылып келүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 31-январынан 28-февралга чейин Жайыл районунун аймагында коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан “Укук тартиби” аталышындагы алын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Рейд учурунда Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарбынан мурда соттолгон жарандар текшерилип, алар менен түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө. Андан сырткары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен биргеликте текшерилди. Район аймагында ок атуучу курал-жарак сактаган жарандардын курал сактоо эрежелерин текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада Жайыл районунун аймагында коомдук жайлар жана жарандарга тейлөө көрсөтүүчү имараттар текшерилип, кылмыштуулуктарды алдын алуу
боюнча эскертмелер берилди.

Иш-чара учурунда уурулук кылмышы боюнча 2 кылмыштын, ошондой эле бейбаштык боюнча 1 кылмыштын бети ачылды. Андан сырткары курал-жараактарды сактоонун эрежесин бузган жарандарга 3 протокол, үй-бүлөлүк чыр-чатакка байланыштуу 1 протокол, майда бейбаштык боюнча 1 протокол, ошондой эле тыюу салынган жерлерде тамеки чеккенер боюнча 5 протокол толтурулган.

Мындан сырткары, Жайыл РИИБнин коомдук коопсуздук кызматы жана Жайыл району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 31-январынан 5-февралга чейин “Жөө өтмөк” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автоунаа жолдорду туш келген жеринен кесип
өткөн жарандарга эскерүүлөр берилип, эрежелерди сактабоо жол
кырсыктарына алып келеээри боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий