• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жайыл районунда унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Жайыл районунда унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-апрелинде Жайыл районунун ИИБне 56 жаштагы М.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4-апрелден 5-апрелге караган түнү “Хонда Концерто” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы П.Г. жана 25 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда, шектүү жарандар уурдалган унааны Бишкек шаарына жеткирип, тетиктерин чачып, өткөрүүгө шаарга баратып, белгисиз себептерден улам жолдон автоунаа күйүп кеткен. Алар унаадагы өрттү өчүрө албай, күйгөн автоунааны унаа токтотуучу жайлардын бирине коюп, өздөрү из жашырып кетишкени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан автоунаа күйгөн абалда табылган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий