• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда уурулукка шектелген адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Жайыл районунда уурулукка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 41 жаштагы К.Р. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 23-январь күнү мал сарайда орнотулган жүн пресстеген станокту, жем кургатуучу темир жабдыгын, темир аштоону, темир чананы уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган. Зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факт Жайыл РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси менен катталган.

Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан “Ууру” аталышындагы рейд учурунда, ыкчам иш-аракеттеринин негизинде бул кылмышка шектелип 44 жаштагы А.М., 36 жаштагы М.Б., 38 жаштагы А.У., 42 жаштагы И.А. аттуу жарандар кармалган

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий