• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл районунда «Жөө жүргүнчүлөр» аталышындагы рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Жайыл районунда «Жөө жүргүнчүлөр» аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун аймагында жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн планына ылайык, 2022-жылдын 31-январынан баштап «Жөө жүргүнчүлөр» деп аталган рейди башталган, ал 2022-жылдын 5-февралына чейин жүргүзүлөт.

Рейддин алкагында Жайыл райондук жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, аймактык тескөөчүлөр жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери Полтавка айылындагы мектепте 1-9-класстар, ошондой эле райондун башка мектептеринин окуучуларынын арасында лекциялар жана «Жол эрежеси», «Жол кыймылын катышуучулары» анда адам өзүн кандай алып жүрүш керек деген сыяктуу темаларда жол белгилерин түшүндүрүү менен профилактикалык баарлашуулар өткөрүлдү.

Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан КР кодексинин 190-беренесине ылайык (Жөө жүргүнчүнүн, велосипедчендин, жылкы айдаган адамдын, айдоочунун жол кыймылынын эрежелерин бузуу) 5 протокол түзүлдү.

Кошумчалай кетсек, рейддин жүрүшүндө ЖКК кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүлөр тарабынан 4 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, токтотулган, алардын бардыгы 16 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр тарабынан жасалганы белгилүү болгон. Жол кыймылынын бардык катышуучулары менен жол эрежесин бузууга жол бербөө жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнү тарабынан алдын алуу иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий