• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) Honda Stepwgn жана Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т. уулу А. аттуу эркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий