• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл районунда жол кырсыгынан эки эркек каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 54-чакырымындагы Петропавловка жана Полтавка айылдарынын ортосунда RENO Clio үлгүсүндөгү жеңил унаасы жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши 1992-жылы туулган Т.А. жана 1996-жылы туулган Т.А. каза болгон.

Куткаруучулар жеткенге чейин каза болгондордун жансыз денесин жергиликтүү тургундар чыгарып алышкан. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий