• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жайыл районунун айылдарынын биринен кызыл китепке киргизилген бугу табылды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.17. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда Моңолдор айылында кызыл китепке киргизилген бугу табылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынан кабарлашты.

Инспекциянын кызматкерлери тарабынан Моңолдор айылындагы үйлөрдүн биринен бугу табылып, протокол түзүлгөн соң, Мамэкотехинспецияга жана ветеринарларга тапшырылган.

Укук коргоо органдары тарабынан үйдүн кожойкесине карата тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий