• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Талды-Булак айыл аймагынын Бөксө-Жол айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Имараттун курулушу КР министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Бала бакча “Кунай” подряддык уюму тарабынан курулган.

Пикир

Оставить комментарий