• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жайыл РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер орган кызматкерлеринин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын өткөрүүнүн алкагында Жайыл РИИБдин башчысы Чыңгыз Керимкулов Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу 6 айылдын жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө караштуу 2 айыл жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жолугушууга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышкан.

Иш-чарада жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар, милициянын көчмө кабылдамасы менен өткөрүлгөн жолугушуулар, андагы чечилген маселелер тууралуу маалымат берилди.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында күчүнө кирген кодекстер боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер РИИБдүн жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынып, тургундарга КР президентинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын арзандатуу, ошондой эле дыйкандарды жана фермерлерди үстөк пайызы аз насыялар менен камсыздоо боюнча жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий