• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жайыл жана Панфилов райондорунун аймагында 6 фильтрациялык жана 1 санитардык-карантиндик пост уюштурулган

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагына өзгөчө кырдаал тартиби киргенден бери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) өздүк курамы жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Облус аймагында санитардык-карантиндик жана фильтрациялык посттору орнотулуп, бул жерлерде Жайыл, Панфилов райондорунун жана Кара-Балта шаарынын жол көзөмөлчүлөрү күнү-түнү дебей өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо кызматкерлери, жарандык кошуундар менен бирге коронавирус илдетине каршы текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Илдеттин жайылышына жана анын кесепеттерин алдын алуу максатында Жайыл жана Панфилов райондорунун аймагында 6 фильтрациялык жана 1 санитардык-карантиндик пост уюштурулган. Бул постордо жол кыймылынын коопсуздугу, коомдук коопсуздук менен бирге унаалардын жана жарандардын кыймылынын жөндүүлүгүн текшерип, элге керектүү азык-түлүк, медциналык шаймандарын ташыган унаалардын токтоосуз каттамын көзөмөлгө алышууда.

Өзгөчө кырдаал тартиби киргенден бери курамдын күчү менен жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 164 айдоочуга бузуулар тууралуу протокол түзүлдү. Анын ичинен 7 айдоочу спирт ичимдигин ичип унаа башкарса, 9 унааны тиешелүү документтери жок башкаргандыгы үчүн түзүлгөн. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 25 унаа атайын коюлуучу жайга киргизилген.

Токтоло кетчү дагы бир жагдай, жол кырсыктарынын саны үч эсеге кыскарды. Чүй облусунун ИИББи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кыймылын эрежелерин жана өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын так сактоого чакырат жана жоопкерчилик тууралуу эскертет.

Пикир

Оставить комментарий