• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайында бетке кантип туура кам көрүү керектигин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Жайкы аптап – сулуулук үчүн эң чоң сыноо. Себеби, кургак аба жана ультра кызыл күн нурлары пигменттик тактардын жана бырыштардын пайда болуусун шарттайт. Андыктан жайында тери өзгөчө камкордукка муктаж.

Адистердин айтымында, жайында жаңы косметиканы эксперимент кылып көрүүгө болбойт. Жайкы сулуулук каражаттарын жаздын күн катуу ысый элек мезгилинде тандап алуу оң. Ошондой эле күзгө чейин салондордон бетке пилинг жана агартуучу жараяндарын жасатпоо сунушталат. Анткени булардан беттин териси жука жана сезгич болуп калат да, күнгө бат күйөт. Беттеги сөөлдү, меңди дагы алдырууга болбойт.

Жайында териге кам көрүү бир нече этаптардан туруусу шарт – тазалоо, сергитүү, нымдоо, азыктандыруу жана коргоо.

Адистерден кеңеш:

  • Аба-ырайы абдан ысык болгондуктан курамында майлуу жана оор кошулмаларды камтыбаган жеңил косметикаларды колдонгон жакшы. Мисалы, дароо сиңип кетүүчү, теринин дем алуусуна мүмкүндүк бере турган нымдоочу эмульсияларды;
  • Кремди да жука катмар менен коюу шарт. Жакшысы таза органикалык косметикаларды колдонуу;
  • Жайында терини абдан жакшы тазалоо керек. Себеби, беттеги териден косметикадан тышкаркы чаңды да сүртүү зарыл;
  • Терең тазалоо үчүн жумасына бир-эки жолу жумшак скраб колдонуңуз. Самын жана спирт лосьондорун колдонуу болбойт – алар терини кургатат;
  • Жайкысын тери болуп көрбөгүндөй сергитүүгө муктаж. Чөп экстарттарын камтыган тынчтандыруучу, терини жумшартуучу тониктер болгону жакшы. Алар күндөн кийин теринин калыбына келүүсүнө жардам берет;
  • Азыктандыруучу кремдер да жеңил болушу керек. Жайкысын витаминдүү, чөп жана жер-жемиш экстраттарын камтыган маскаларды колдонуу ыңгайлуу;

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий