• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайында Ысык-Көлдө туристтерди тоногон Нарындык эки бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан жайында Ысык-Көлдө туристтерди тоноп, кеминде 6 уурулук кылган Нарын облусунун 20 жаштагы Ж.Кубанычбек жана 17 жаштагы К.Талант аттуу тургундары кармалды.

Ысык-Көл облусунун ИИБнен кабарлашкандай, шектүүлөр бишкектин тургунунун уюлдук телефонун уурдап колго түшүшкөн.

Алардын берген көрсөтмөсү боюнча, андан сырткары алар тарабынан Россия жана Казакстандан келип эс алып жаткан туристтер тонолгон.

Билдирүүгө ылайык, жаш балдар жайында жалпысынан 200 АКШ доллары, 478 миң тенге, 59 миң 600 рубль, 27 миң 690 сом уурдашкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси боюнча (Уурулук) кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий