Жайыт карталарын оцифровкалоо - жайыт комитеттерине кыйла жеңилдик берүүдѳ - Алимбекова

Аналитика 0

КР айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жай жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин адиси. Айыл чарбасын ѳнүктүрүү боюнча эларалык фонд (МФСР) жана Дүйнѳлүк банк каржылаган айыл чарбасына тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруучу топтун мүчѳсү Алимбекова Нагима Акылбековна менен маек:

- Жайыттарды жакшыртуу боюнча кандай иш чаралар аткарылууда?

- КР айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жай жана мелиорация министрлиги: Дүйнѳлүк банк жана Айыл чарбасын ѳнүктүрүү эл аралык фондунун каржылоосу менен ишке ашырылуучу айыл чарба долбоорлорун жана келечектеги долбоорлорду координациялоо максатында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмүн түзгѳн. 2013-жылы Кыргыз Өкмѳтү жогоруда аты аталган Айыл чарбасын ѳнүктүрүү эл аралык фондунан «Мал чарбасын жана рынокту ѳнүктүрүү-1» (ПРЖР-1) долбоорун ишке ашырууга гранттык жана кредиттик негизде каражат алган. Аталган долбоор 5 жылдык мѳѳнѳт менен эки облуста: Нарын, Ысык-Кѳл жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда ишке ашырылууда. Ал эми бруцеллоз менен эхинококкоз ооруларын кѳзѳмѳлдѳѳ долбоору КР бардык облустарында ишке ашырылмакчы.

- Аталган долбоорлордун максаты менен милдети кандай!?

- Долбоордун максаты - элеттиктердин мал чарбачылыгын жакшыртууга жардам кѳрсѳтүү аркылуу мал чарбачылыгынан ѳндүрүлгѳн азыктарды сатып-ѳткѳрүү рыногун ѳнүктүрүү. Долбоордун негизги милдети - долбоор ишке ашырылып жаткан аймактарда малдын туягын кѳбѳйтүүгѳ, жайыттардын жеткиликтүү болушуна, малдын кошумча тоютун кѳбѳйтүүгѳ, малдын саламаттыгы жана башка маанилүү маселелерди чечүүгѳ багытталган. 2014-жылы Кыргыз Өкмѳтү тарабынан Айыл чарбасын ѳнүктүрүү эл аралык фонду жана ASAR фондунан гранттык жана кредиттик негизде «Мал чарбасын жана рынокту ѳнүктүрүү-2» (ПРЖР-2) долбоорун ишке ашырууга каражат алынган. Долбоор ошол эле жылы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 5 жылдык мѳѳнѳт менен ѳз ишин баштаган. Долбоордун максаты болуп жакырчылыкты азайтуу, жайыттар коомундагы экономикалык ѳсүштү камсыздоо максатын кѳздѳйт.

- Талас облусун камтыган долбоорлор барбы?

- 2015-жылдын сентябрь айында Дүйнѳлүк банктын каржылоосунун негизинде «Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу долбоору» (ПУУПЖ) ѳз ишин Чүй жана Талас облустарында баштаган. Бул долбоорду ишке ашыруу мѳѳнѳтү 2019-жылга чейин белгиленген. Максаты жана милдети болуп, долбоор ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн аймактарда, так айтканда Чүй жана Талас облустарында жайыттардын деградациясын азайтуу, жайыттардын жайыт пайдалануучуларга тең жетүүсүн камсыздоо болуп саналат. Долбоор 3 компоненттен турат: 1. Жайыттарды коомдук негизде башкаруу; 2. Малдын саламаттыгын сактоо кызматтары; 3. Долбоорду башкаруу.

- Демек, аталган долбоордун алкагында жайыттарды оцифровкалоо жүргүзүлдүбү, деги эле оцифровкалоонун маанисине токтолсоңуз?

-Оцифровкалоо- жайыттардын картографиялык материалдарын ГИС программаларын колдонуу аркылуу санарип тартипке ѳткѳрүү. Бул иштер эмнеге аткарылууда? Долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын 437 жайытынын тышкы чек ара тилкелери такталган. Алардын жарым-жартылайынын картографиялык материалдары оцифровкаланган. Быйыл ПРЖР-1, 2-долбоору камтыган аймактар оцифровкаланууда. Аталган иш чара аяктагандан кийин ПРЖР-1,2нин жайыт комитеттери жаңырган карталарды ала алышат.

Оцифровкаланган карталар жайыт комитеттерге абдан керектүү. Себеби, буга чейинки картографиялык материалдар сканерден ѳтүп жайыт комитеттердин колуна тийчү. Албетте, андай карталардын сапаты жакшы эмес. Оцифровка бизге жакшы сапаттагы түстүү картаны берет. Мунун дагы бир артыкчылыгы: жайыт жерлердин жайгашуусунда кандайдыр бир ѳзгѳрүүлѳр болгон учурларда, мисалы: жайыттар трансформацияланып кеткен учурларда картада белгиленген категориялар боюнча ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Учурдагы абал боюнча: долбоордун алкагында Нарын жана Ысык-Кѳл облустары, Тогуз-Торо районунун жайыттарын оциврокалоо иштери толук аяктап калды. Мындан тышкары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жайыттар келерки жылдын башында оцивровкаланып бүтѳт деп турабыз. Ал эми Чүй жана Талас облустарында аталган иш баштала электигин эске салып коюубуз абзел.

- Оцифровка жайыттардын деградациясын кѳрсѳтүп береби?

- Жок. Бул жаңылыш пикир. Оцифровка жайыттардын деградациясы тууралуу маалымат бере албайт. Бирок, оциврофка жайыттардын жалпы аянтын так кѳрсѳтүп берүү менен жайыт комиттеринин жана жайыт пайдалануучулардын канча жайыты калгандыгын, жайыт пайдалануучулар аны кандайча бѳлүп алуу маселелерине жардам бере алат. Баса, жайыт комиттерине жана жайыт пайдалануучуларга жайыт карталарын оцифровкалоо боюнча жана электрондук картаны колдонуу боюнча окуу- тренингдери ѳткѳрүлгѳн. Ар бир жайыт комитетке электрондук карта таркатылган.

- Жайыт комитеттери менен жайыт пайдалануучулар заманбап технологиялар менен канчалык деңгээлде тааныш?

- Буга чейин сѳз болгон долбоорлордун алкагында Мекенибиздин бардык жети облусунун жайыт комитеттери GPS навигаторлору, компьютерлер жана интернет модемдер менен камсыздалган. Маселен, ар бир облустун жайыт комитетине GPS навигатор орнотулаган. Бул жабдык алыскы жайыттар менен болгон байланышты ыкчамдатуу аркылуу жайыт пайдалануучулар ортосундагы ар түрдүү келишпестиктерди тез чечүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүлѳт дегендей…Баса, жабдыкты колдонуу боюнча окуу-тренингдер ѳткѳрүлгѳн. Окуу тренингге жайыт комитети жайгашкан райондон компьютерди билген адистерди чакырганбыз. Себеби, жайыт комитетинин башчысынын жардамчысынын кесиби бухгалтер же дагы башка кесиптин ээси болуп калышы толук ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий