• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыт жерлерин туура пайдалануу учурдун талабы – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Суусамыр өрөөнүндө Жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, Жайыт пайдалануучулар ортосундагы чек ара маселелерин жана Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлеринин бүгүнкү күндөгү абалы туурасында семинар-кеңешме уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иш-чараны уюштурууга Айыл чарба министрлигинде ишке ашып жаткан “Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын жакшыртуу” долбоору көмөк көрсөттү. Аталган долбоор жайыттарды жакшыртуу боюнча Чүй жана Талас облустарында 2015-жылдан бери иштеп келет. Чүй жана Талас облустарынын жайыт жерлеринин жалпы аянты 1,2 млн га түзөт.

Семинардын негизги максаты - Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлеринин чек аралары боюнча келип чыккан маселелерди Жайыт пайдалануучулар, жайыт комитеттери менен биргеликте талкулоо, жайыттардын бүгүнкү күндөгү абалы, алтыгана отоо чөбүн жок кылууга багытталган иш-чаралар боюнча ой бөлүшүү болуп саналат.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Майрамбек Таиров, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпонбек Төрөкулов, Жайыт пайдалануучу ассоциациялардын төрагалары, Чүй жана Талас облустарынын район жетекчилери, агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, айыл өкмөттөр жана жайыт маселесине тийиштүү адистер катышты.

Жайыт кыргыз эли үчүн абдан керек экендигин, жылдан жылга малдын башы көбөйүп, жайыттар жетишпей калып жаткандыгын белгилеген КРнын айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев бардык катышуучуларды жайыт боюнча болуп жаткан маселелерди бүгүнкү семинар-кеңешменин алкагында ачык сүйлөшүп талкуулоого чакырды.

“Ысык-Көл Кыргызстандын бермети болсо, Суусамыр эң бир кооз жайлоолордон болуп саналат. Бүгүнкү күндө мына ушул жайлообузду чырмоок, чөп басып жатканы көйгөйлүү маселе болуп саналат. Бардык маселеңиздерди, ким кайсы жайлоодо жайлаш керек экендигин сиздер менен биргеликте кеңешип, чечишип алалы”, - деди Ж.Керималиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга адистер тарабынан Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, анын ичинде узак мөөнөткө пайдаланууга берилген жайыт жерлери жөнүндө, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлеринин чек аралары жана жайыттардын бүгүнкү күндөгү абалы, отоо чөптөрдү (алтыгана) жок кылуу боюнча маалымат берилди.

Семинар-кеңешменин негизги бөлүгү суроо-жооптор болуп, Жайыт комитеттеринин көпчүлүгүн Суусамыр жайлоосунда жайлаган мезгилдеги жайыт акыларын кимге төлөө керек, узак мөөнөткө берилген жерлерин аянттарытууралуу суроолор кызыктырды. Катышуучулар тараптан берилген ар бир суроого Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин тиешелүү адистери жооп беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев Жайыт жерлерин туура пайдалануу, мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү баса белгилеп, алдыда инвентарлоо боюнча дагы иштер жүрүп жаткандыгын, бүткөн соң маалымат берилээрин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий