• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыттардагы караганды жок кылуу иш чаралары жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. 17-июнь күнү айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев министрликтин адистери менен биргеликте Суусамыр өрөөнүнө барган. Ал жайыттарды каптап жаткан караганды жеринен көрүп, алдын алуу боюнча эксперменттик иштер менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Иш сапардын жүрүшүндө, жайыттарды каптап жаткан караганды техниканын жардамы менен жана химиялык заттарды колдонуу жолдору аркылуу эксперменттик иштер аткарылган. Техниканын жардамы менен тамырларын казып алганда, толук тамыры алынган эмес. Тамыры терең болгондуктан техниканын соколору сынып көп чыгымга алып келген. Химиялык заттарды колдонууда жакшы натыйжа берген. Бул химиялык дары башка чөп-бадалдарга зыян алып келбейт. Караганды кууратып өсүп, көбөйүүсүнө бөгөт коёт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, жергиликтүү малчылар, караган тикенек өсүмдүк болгондуктан мал жебегенин айтышып, жок кылып берүүнү суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий